Спорт

Алгачкы жолу Ысык-Көлдө Борбор Азиянын парустук спорт боюнча чемпионаты өтөт

Тарыхта алгачкы жолу Ысык-Көл жээгинде Борбор Азиянын парустук спорт боюнча чемпионаты өтөт.

Мелдештер 16-майда башталып, 21-майга чейин уланат. Жарыштар Чолпон-Ата шаарындагы «Круиз» яхта-клубу базасында өткөрүлөт.

Парустук спорт боюнча алгачкы Борбор Азия чемпионаты аймактагы күчтүү спортчуларды бириктирип, эл аралык спорт календарындагы маанилүү окуялардын бири болот.

Мелдешти Кыргыз Республикасынын Парустук спорт федерациясы Asian Sailing Federation (ASAF) жана Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен уюштурууда.

Регатанын негизги максаты — аймакта парус спортту өнүктүрүү, эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу. Ошондой эле мелдеш спортчулардын чеберчилигин жогорулатып, эң күчтүү катышуучуларды аныктоого жардам берет.

Мындан тышкары, чемпионатка ар кайсы өлкөлөрдөн коноктор менен спортчулардын келиши Ысык-Көл аймагына болгон кызыгууну арттырып, аны активдүү эс алуу жана эл аралык иш-чаралар өткөрүлүүчү туристтик борбор катары таанытат.

Чемпионатты уюштуруучулар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
Asian Sailing Federation (ASAF);
Кыргыз Республикасынын парустук спорт федерациясы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги;
«Круиз» яхта-клубу;
Fareast club.

Тектеш кабарлар

Back to top button