Спорт
Зардалыда футбол талаасы курулду

Кыргызстандын эң алыскы айылы Зардалыда заманбап футбол аянтчасы жасалды. Курулуш президенттик фонддун эсебинен каржыланган.
Эки ай мурун Баткен облусунда президенттик фонд тарабынан каржыланган 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Биринчиси бүгүн ачылды.
Мындай аянтчалар аймактагы дагы тогуз айылга түшөт.



