Окуялар

Уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүүчү канал жабылды

УКМК Мамлекеттик Чек ара кызматы менен биргеликте «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу КРнын аймагына кымбат баалуу уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү каналын токтотту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») жана 242-беренесинин 1-бөлүгүндө («Салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана жагдайларды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button