Коом
Касымалиев мамкызматкерлер үчүн улуттук форманын дизайнын иштеп чыгууну тапшырды

Мамлекеттик кызматкерлер улуттук үлгүдөгү форма кийиши мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият министрлигине форманын дизайнын иштеп чыгууну тапшырды.
Мындай саамалык ысыкта галстук жана костюмсуз иштөөгө мүмкүндүк берет. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.
Өкмөт башчы мамкызматкерлер күн ысыкта иш бөлмөсүндө костюмчан отурганда кондиционерди болгон күчүн пайдаланууга аргасыз экенин, бул электр энергиясын ашыкча коромжуга учуратып жатканын белгиледи. Касымалиев кызматкерлердин кийими эң биринчи кезекте ыңгайлуу болушу зарыл деп эсептейт.
Буга чейин электр энергиясын үнөмдөө үчүн костюмсуз иштөөгө жол ачкан токтом кабыл алынган.



