Коом

Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү бүгүн жерге берилди

Бүгүн, 25-мартта Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышып жатышат.

Анын сөөгү кечээ, 24-мартта Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу алып келинип, кийин Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылына жеткирилди.

22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. Маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button