Окуялар

Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланын сөөгү Өзбекстандан табылды

Ошто Ак-Буура дарыясына 9 жаштагы бала агып кетип, сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык 31-май күнү болгон. Окуучуну ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 82 куткаруучу дрон менен, ИИМден 10 кызматкер, туугандарынан 20 адам издеген.

Баланын сөөгүн дарыянын Өзбекстандагы бөлүгүнөн табышкан.

Министрликтен учурда аны алып келүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button