Коом

Караколдо Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө 20 миңден ашуун шаардыктар катышты

Каракол шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта өткөрүлүп, ага 20 миңден ашуун шаардыктар жана коноктор катышты.

Иш-чараны Каракол шаарынын мэриясы «Евразия» уюмунун колдоосу менен уюштурду.

Балдар жана алардын ата-энелери үчүн концерттик программа даярдалды. Майрамдын алкагында чоң куурчактардын парады, цирк шоусу жана барабанчылардын өнөрү тартууланды. Аймакка 20дан ашуун батут жана оюн-зоок аянтчалары орнотулду. Ошондой эле бөбөктөргө 10 миңден ашуун балмуздак таратылды.

Майрамдын эң маанилүү учуру Кыргызстан менен Россиянын артисттеринин катышуусундагы кечки концерт болду. Көрүүчүлөрдүн алдында иллюзионист Адил Кайыпов, ырчылар Амирчик жана Жийдеш, россиялык ырчы Клава Кока, ошондой эле «Дискотека Авария» тобу өнөр көрсөтүштү.

Шаар тургундарын майрамы менен мэр Талантбек Иманов куттуктап, балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүүнүн, үй-бүлөнү колдоонун жана салттуу баалуулуктарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Майрамдык салтанат фейерверк менен аяктады.

Тектеш кабарлар

Back to top button