Коом

Төрөт үйүндө орой мамилеге кабылган келиндин арызы боюнча акушер кызматтан кетти

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага 30-апрелде, Жалал-Абад облусунун тургуну Т.Д. кайрылып, төрөт үйүндө орой мамилеге, акча талап кылууга жана шалаакылыкка туш болгонун айтып, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Т.Д.нын айтымында, ушул жылдын 23-февралында Жалал-Абад облустук ооруканасына толгоосу кармап барган. Төрөт бөлүмүнүн Э.К. аттуу акушери кагып-силкип, өз милдетин талаптагыдай аткарбастан, этикага дал келбеген мамиле жасаган.

Арызда аял көз жарары менен акушер анын жолдошуна чыгып, сүйүнчү сурап, акчаны башка бирөөнүн номуруна котортуп алганы жазылат.

Арыздануучунун билдирүүсүндө, төрөттөн эртеси акушер ымыркай төрөлөрү менен көзүнө мазь сүртпөгүнүн айткан.

Акыйкатчынын Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлү  аймактагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна акушер Э.К.нын аракеттерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган кат жолдогон. Андан сырткары, медициналык мекеменин жетекчилигин ооруканада мыйзамсыз акча талап кылуу жана жарандардын укугун бузган көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.

Жалал-Абад облусттук клиникалык оорукананын Акыйкатчы Институтуна 20-майда берген жообунда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, акушер Э.К. жумуштан четтетилип, төрөт үйүнүн эки дарыгерине бейтаптардан акча алганы үчүн “сөгүш” берилгенин маалымдады.

Тектеш кабарлар

Back to top button