Коом

Ак-Сууда мугалимдерге кол көтөргөнү тууралуу аудиодон кийин интернаттын директору кызматтан бошотулду

Билим берүү жана илим министрлиги 18-апрелден тартып комиссиянын чечими менен Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты мекемесинин директору Жеңишкүл Ниязова ээлеген кызматынан бошотулгандыгын маалымдады.

2023-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Жеңишкүл Ниязованын педагогикалык этиканы сактабай мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, ыплас сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудио социалдык тармактарга тараган. Буга байланыштуу министрликтин буйругу менен аталган мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектеп-интернаттын окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, балдардын жатаканада жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун башкаруу, жөнгө салуу ишмердүүлүгүн жетектөө ишмердүүлүгү текшерилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button