Окуялар
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө катталды

8-июнда саат 22:55те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Күңгөй Ала-Тоо кыркасында жайгашып, Кожояр айылынан 35 чакырым түндүк-батышта жана Ананьево айылынан 49 чакырым түндүк-батышта болгон.
Жер алдындагы силкинүүлөр Ак-Булуң, Ак-Булак, Балбай, Шаты, Ичке-Суу, Курменты, Корумду жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат катталган жок.



