Эсептөө палатасы өлкө бюджетин толтурууга көмөк бере турган ири суммадагы ички мүмкүнчүлүктөрдү аныктады

Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна ылайык, ал 2025-жылдагы аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иштеринин алкагында өлкө бюджетин толтурууга көмөк бере турган ири суммадагы ички мүмкүнчүлүктөрдү аныктады.
Өлкө боюнча тийиштүү бюджеттерди толтуруунун кошумча булактары (бюджеттин резервдери) 93 614,8 млн сом суммасында белгиленди.
Адистер бул сумма түз каржылык тартип бузуу эмес экенин, бирок айрым экономикалык чараларды ишке ашыруу жана туура башкаруу аркылуу мамлекеттик капчыкка кошумча мобилизациялана турган ири каражат экенин өзгөчө белгилешет.
Муну менен катар, аудиттин жүрүшүндө 29 630,9 млн сом суммасында рационалдуу эмес жана натыйжасыз пайдаланылган финансылык жана башка ресурстар (бюджеттин жоготуулары) аныкталган.
Бул каражаттар мамлекеттик органдар тарабынан өз учурунда тийиштүү чаралар көрүлбөгөндүктөн же каражаттар өзүнүн негизги максатына жетпестен калгандыктан келип чыккан жоготуулар катары бааланды.



