Кыргызстан менен Грузия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Грузия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдеп, мал чарба продукциясынын соодасын жеңилдетет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Тиешелүү меморандумга Кыргызстандын Ветеринария кызматынын директору Адилет Сотовалдиев менен Грузиянын айлана чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид кол коюшту.
«Бул келишим менен тирүү жаныбарларды, эт жана мал чарба продукцияларын эки өлкө ортосунда экспорттоо жана импорттоо үчүн ветеринардык-санитардык талаптар жөнөкөйлөштүрүлөт. Ошондой эле жаныбарлардын жугуштуу ооруларына каршы биргелешип күрөшүү жана ветеринардык коопсуздукту чыңдоо иштери колго алынат. Мындан тышкары, эки өлкөнүн адистери биргелешкен иш-чараларды өткөрүп, өз ара квалификациясын жогорулатуу каралган», — деп айтылат маалыматта.
Тараптардын айтымында, бул кадам ветеринардык коопсуздукту гана камсыз кылбастан, эки өлкөнүн эл аралык соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана мал чарба тармагын заманбапташтырууга өбөлгө түзөт.



