Садыр Жапаров: Бакиевдер келсе, чек арадан түз эле түрмөгө жөнөтүлөт

Президент Садыр Жапаров Максим жана Жаныш Бакиевдер Кыргызстанга кайтып келсе, абакка камаларын билдирди. Бул тууралуу ал Super.kg басылмасына берген маегинде айтты.
Мамлекет башчысына бир тууган Бакиевдер жана Алексей Ширшов сыяктуу ири инвестиция салууну сунуштаса, өлкөгө кайтып келе алабы деген суроо берилген.
«Максим менен Жаныштын иштери таптакыр башка. Аларга карата өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сот өкүмдөрү бар. Өкүмдөр күчүндө турат. Эгер алар келсе, чек арадан эле түз эле түрмөгө жөнөтүлөт», — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле президент Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун учуп келген деген социалдык тармактарда тараган маалыматтарды четке какты.
Анын айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт.
Демек, учурдагы сот өкүмдөрү күчүндө турган шартта Максим жана Жаныш Бакиевдердин Кыргызстанга тоскоолдуксуз кайтып келиши мүмкүн эмес.



