Бишкекте жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык форум өтүүдө

Бүгүн, 28-октябрда, Бишкектеги IT-Hub Technopark аянтчасында жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик коопсуздук боюнча «Data Protection Forum 2026: Ишеним. Коопсуздук. Келечек» аттуу эл аралык форум өтүүдө.
Иш-чара Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналган.
Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык эксперттик уюмдардын жана IT-бизнес өкүлдөрү катышууда. Анда киберкоркунучтарга каршы күрөшүү, маалыматтарды чек ара аралык берүү, жасалма интеллект доорунда жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик мамлекетти өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Иш-чаранын алкагында агенттик Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү жана институционалдык системаны өнүктүрүү багытында беш жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын сунуштайт.
Ошондой эле чет өлкөлөрдүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу пландалууда. Программада кибергигиена, ири технологиялык компаниялардын ролу жана жасалма интеллектти жөнгө салуу маселелери боюнча талкуулар жана эксперттердин баяндамалары каралган.
Форумдун спикерлеринин арасында Европа биримдигинин, Эл аралык электр байланыш союзунун (ЭЭБС), Deloitte компаниясынын эл аралык эксперттери, ошондой эле Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн санариптик тармактагы мамлекеттик жана жеке секторлорунун өкүлдөрү бар.



