Коом

Кыргызстанда 2027-жылы заманбап фитосанитардык лаборатория курулат

Кыргызстанда 2027-жылы ири жана заманбап фитосанитардык лабораториянын курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын ветеринардык-санитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Тилек Табалдиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйыл Кытайдан келген адистер Кыргызстандагы курулуш үчүн бөлүнгөн жер тилкесин изилдеп, келечектеги лабораториянын долбоорун сунушташкан. Учурда Кытай тарап келишимди ишке ашыруу үчүн тендерге жана айрым маселелерди макулдашууга байланыштуу ички жол-жоболорду жүргүзүүдө.

Лабораторияны куруу үчүн Фрунзе көчөсүнөн бир гектардан ашык жер бөлүнүп, даярдалган.

Табалдиевдин белгилешинче, учурда иштеп жаткан ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар совет мезгилинде курулган. Алардын аянты, кубаттуулугу жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү заманбап жабдууларды орнотууга жана аккредитация багыттарын кеңейтүүгө жетишсиз.

Мындан тышкары, шаарлардын кеңейишинен улам айрым лабораториялар шаардын борбордук бөлүгүндө калып калган. Ошондуктан аларды шаардын сыртына көчүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Жаңы лаборатория эл аралык талаптарга, анын ичинде Кытайдын стандарттарына ылайык курулат. Анда ветеринардык жана фитосанитардык изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаныбарлардын ооруларын аныктоо жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун текшерүү багыттары камтылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button