Коом
Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл соңуна чейин пайдаланууга берилет

Ч. Валиханов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, учурда көпүрөнүн устундарын орнотуу жана конструкцияларын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча, көпүрө алты тилкелүү болот жана жалпы узундугу 90 метрди түзөт. Көпүрөнүн эки тарабында тең туурасы 3 метрден болгон тротуарлар каралган.
Курулушту текшерүүдө мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттө аякташын жана аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыздоону тапшырды.
Көпүрөнүн курулушун жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.



