Ак-Ордо-3 жаңы конушунда үйлөрдү буздуруу иштери убактылуу токтотулду

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы Достук-498 жана Ырыскы-498 көчөлөрүндөгү 4 үйдү бузуу иштери убактылуу токтотулду.
Маалым болгондой, 21-апрелде Достук-498 көчөсү, №52 даректеги үйгө сот аткаруучулар, атайын техника, милиция кызматкерлери жана тез жардам бригадасы бузуу иштерин жүргүзүү үчүн келишкен.
Өз кезегинде, үйлөрдүн ээлери тилкелерди, анын ичинде жерди мунапыс боюнча мыйзамдуу түрдө сатып алгандыгын билдиришкен.
Буга чейин Сот аткаруучулар кызматы бул курулуштар мыйзамсыз экенин жана соттун чечими менен бузулушу керектигин билдирген. Үй ээлерине чечимди ыктыярдуу аткаруу сунушталган, бирок алар муну жасаган эмес.
21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасы, медицина кызматкерлери, милиция жерине барып, иштерди баштаган, бирок үйлөрдүн тургундары буга тоскоолдук кылышкан. Алар жер тилкелерин мыйзамдуу негизде сатып алганын билдиришкен.



