Дүйнө

Францияда аптаптуу ысыктан улам каза болгондор көбөйдү

Францияда өлкөнү каптаган өзгөчө ысык аба ырайынан улам сөөк коюу кызматтарына жүк кескин көбөйдү. Өлүмдөрдүн саны өсүп, сөөк сактоочу жайлар маркумдарды кабыл алууга жетишпей, жакындары сөөктөрдү акыркы сапарга узатканга же кремацияга чейин сактай турган бош жай издөөгө аргасыз болушууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Франциянын Коомдук саламаттыкты сактоо агенттигинин алдын ала маалыматы боюнча, өткөн шаршембиден жекшембиге чейин өлкөдө аптаптуу ысыктан улам миңден кем эмес ашыкча өлүм катталган. Адистер бул көрсөткүчтөр алдын ала гана экенин жана каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин белгилешти.

Парижге жакын жайгашкан Орли шаарындагы сөөк коюу бюросунун жетекчиси Зухайер Хертелли алардын мекемесиндеги 32 маркумга ылайыкталган муздаткыч камералар толугу менен толуп калганын айтты.

«Бизде орун жок. Маркумдардын агымы шаршемби, бейшемби күндөрү башталып, дем алыш күндөрү да токтогон жок. Дем алыш күндөрү эле болжол менен 150 телефон чалуу келип түштү жана орун жок болгондуктан дагы 150 маркумду кабыл алуудан баш тартууга туура келди», — деди ал.

Анын айтымында, аларга маркумдардын жакындары, карылар үйлөрү, полиция бөлүмдөрү, муниципалитеттер жана башка сөөк коюу кызматтары кайрылышууда. Бирок бош орун дээрлик калган эмес.

Абанын температурасы бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, Франциянын көпчүлүк аймактарында күндүз абанын температурасы дагы эле +30 градуска жакын бойдон калууда. Улуттук метеокызмат жакынкы дем алыш күндөрү аптап кайрадан күчөп, кийинки жума бою уланышы мүмкүн экенин эскертти.

Саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматына ылайык, каза болгондордун басымдуу бөлүгүн улгайган адамдар түзүүдө. Алардын арасында өз үйүндө жашагандар да, карылар үйлөрүндө жашагандар да бар. Бийлик жарандарды улгайган туугандарынан жана кошуналарынан тез-тез кабар алып, аларга өз убагында жардам көрсөтүүгө чакырууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button