Окуялар
Ысык-Көл районунда жана Оштун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү

Түнкүсүн Ысык-Көл районунда жана Оштун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайынын биринен 24 адам эвакуацияланган. Ошондой эле бир нече турак үйдүн жер төлөсүн жана конок үйдүн короосун суу каптап, куткаруучулар мотопомпа менен сууну сордурушкан.

Тору-Айгыр, Чок-Тал жана Чоң-Сары-Ой айылдарында да суунун деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү суу каптады.
Ал эми Кара-Кулжа районунун Терек айылында сел суусу 50 үйдүн короосуна, анын ичинде 15 үйдүн ичине кирген. Беш чакырым жолду суу каптап, унаа кыймылы убактылуу токтотулду.
Учурда куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп жатат.



