Окуялар

Алайкуудагы сел каптаган унаа жолдору бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү селден улам жабылган унаа жолдорунда бир тараптуу каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июлдагы катуу жаандан кийин Терек – Чаты-Терек унаа жолунун 10 чакырымдык аралыгына жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу кан жолунун 107-115-чакырымдарына сел түшүп, кыймыл убактылуу токтогон.

«Жеринде №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар кызуу иштеп, сел калдыктарын тазалашты. Учурда аталган багыттарда жолдорду кеңейтүү жана толук калыбына келтирүү иштери улантылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button