Каракол шаарында атайын техникаларды сатып алууда мыйзам бузулганы аныкталды

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, Каракол шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мэриянын муктаждыгы үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сом каражатка 31 даана атайын техника сатып алынганы белгилүү болгон. Бирок алардын бир бөлүгү техникалык талаптарга жооп бербестиги аныкталган.
«Беш таштанды ташуучу унаада, үч өзү түшүрүүчү жүк ташуучу жана эки жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер аныкталып, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат кабарда.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында президент Садыр Жапаровго Каракол шаары үчүн алынган техникалардагы кемчиликти айтып беришкен.
Өлкө башчы тендерди уткан тарапка мыйзам чегинде чара көрүп, ордуна койдуртууну, такыр эле айла жок болсо кымырылып кеткен каражатты «кустурууну» тапшырган.



