Дүйнө

Монголияда Дүйнөлүк жылкы күнү белгиленет

Монголия демилгелеген Дүйнөлүк ат күнүнүн негизги иш-чаралары 13-июлда Хүй долоон худаг жергесинде өтөт.
Монголия бул майрамды 10–13-июль күндөрү Наадам-2026 улуттук майрамынын алкагында белгилейт.

Көчмөн цивилизациянын маданиятын, тарыхый мурасын жана ат багуу салттарын даңазалоого арналган иш-чараларга дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр келип, майрамдык жана маданий программаларга катышат.

Дүйнөлүк ат күнүнүн негизги программасы 13-июлда Улан-Батор шаарына жакын жайгашкан Хүй долоон худаг аймагында өтөт. Иш-чаранын программасы буга чейин бекитилген.

Ага ылайык, 13-июлда Дүйнөлүк ат күнүнүн расмий ачылышы болуп, андан соң төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:
эл аралык ат чабыштар;
10 миң чабандестин парады;
ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдештер;
ат катышкан цирк көрсөтүүлөрү;
ат багуу салттарына арналган маданий жана спорттук иш-чаралар;
салттуу монгол ат чабыштары;
улуттук күрөш боюнча мелдештер.

Тектеш кабарлар

Back to top button