Пайдалуу кеңештер

Адис күнгө күйүүнүн кооптуу жактарын эскертти

Онколог, медицина илимдеринин кандидаты жана «Гемотест» лабораториясынын эксперти Анастасия Фатьянова күнгө күйүү көпчүлүк ойлогондон да кооптуу экенин айтып, анын узак мөөнөттүү кесепеттери тууралуу эскертти.

Анын айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй, айрыкча териде ыйлаакча пайда кылган катуу күнгө күйүктөр жана бала кезде алынган күйүктөр келечекте меланома жана тери рагынын башка түрлөрүнө чалдыгуу коркунучун жогорулатат.

Дарыгер белгилегендей, бул жерде өмүр бою алынган ультрафиолеттин жалпы көлөмүнөн көрө, адамдын канча жолу күнгө катуу күйгөнү маанилүүрөөк.

Фатьянова далилдүү медицинанын көз карашы боюнча коопсуз күнгө күйүү деген түшүнүк жок экенин белгиледи. Анын айтымында, теринин күнгө какталып карарышы — бул организмдин коргонуу реакциясы жана тери клеткалары буга чейин эле жабыркаганын билдирет.

Ошондой эле ал ультрафиолет нурлары көптөн бери канцероген, башкача айтканда рак оорусун пайда кылуучу фактор катары таанылганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button