Маданият
«Ынтымак-2» паркында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өттү

10 — 11-июль күндөрү Бишкек шаарындагы «Ынтымак-2» паркынын амфитеатрында шаар мэриясынын Маданият башкармалыгы уюштурган ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өттү.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 10-июлда Кыргыз Республикасынын эл артисти Замира Мавлянованын жетекчилигиндеги Belcanto музыкалык-билим берүү комплексинин окуучулары жана чыгармачыл жамааты өнөр тартуулады.
11-июлда «Мыкан» маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты — «Ырыс-Ынтымак» ансамбли сахнага чыгып, элдик жана эстрадалык чыгармаларды аткарып, келген конокторго майрамдык маанай тартуулады.
Мэриянын маалыматына караганда, июнь айында музыкалык кечелер Ала-Тоо аянтында өткөн. Ал эми июль айында долбоор борбор калаанын сейил бактарында улантылат.



