Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 10 миң орундуу көчмө трибуналар сатылып алынууда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кытайдан 10 миңге жакын көрүүчүгө ылайыкташкан көчмө трибуналар сатып алынууда.
Долбоордун баасы бажы төлөмдөрү жана жеткирүү чыгымдары менен кошо 104 миллион сомду түзөт. Биринчи партиясы бүгүн келип, кийинки аптадан тарта Чолпон-Атадагы ипподромдун жанына орнотула баштайт.
Трибуналар кийин мамлекеттик «Кыргыз маданият сервис» ишканасынын балансына өткөрүлөт. Министрдин айтымында, бул жабдууларды өлкөнүн каалаган аймагында көчмө концерттерди жана ири маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонууга болот.
Ошондой эле министр 2024-жылы чыгымга учураган ишкана 2025-жылдын жыйынтыгы менен кирешелүү болуп, жалпы жүгүртүүсү 500 миллион сомго жеткенин билдирди.


