Коом
21-июлга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрыкча Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Талас, Ысык-Көл аймактарында +29…+34, Нарын регионунда +27…+32 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34…+36 градуска чейин көтөрүлөт.



