Окуялар

Нарында түнкүсүн жер титирөө катталды

20-июлга караган түнү саат 02:41де өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Нарын районундагы Оттук айылында 4 баллга чейин сезилген. Казан-Куйган, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз жана Эчки-Башы айылдарында 3,5 балл, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында 3 балл, ал эми Нарын шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Учурда тиешелүү кызматтар жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button