Коом
Кытайдан жүктөрдү тезирээк ташуу үчүн “Эркеч-Там” өткөрүү пункту кеңейтилет

Бажы кызматыушул тапта күнүнө “Эркеч-Тамдан” 250 унаа өтүп жатканын, негизи пункт 150 машинага ылайыкташканын билдирди.
“Азыр бул бизде орчундуу маселе болуп жатат. Андыктан өткөрүү пунктунун аймагын кеңейтүү чечими кабыл алынып, жергиликтүү органдар 10-майга чейин жерди чечип берүү тапшырмасы коюлду. Анда өтүү технологиясына бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, унаалардын тезирээк өтүүсүнө шарт түзүлөт”, — деди Бажы кызматынан.



