Путин Казакстан жана Өзбекстан менен аскердик кызматташууну карап чыгууну сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен учурдагы аскердик-техникалык кызматташуу боюнча келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Тиешелүү документтер расмий укуктук маалыматтар порталында жарыяланды.
Орусия Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташуу боюнча келишимге 2013-жылдын 24-декабрында кол койгон (2015-жылы ратификацияланган), ал эми Өзбекстан менен мындай келишим 2016-жылдын 29-ноябрында түзүлгөн.
Бул документтер курал-жарак жана аскердик техникаларды жеткирүүнү, аскердик багыттагы продукцияларды алмашууну, технологияларды жана техникалык документтерди өткөрүп берүүнү жөнгө салат.
«Коммерсант» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Казакстан Орусиядан Су-30СМ истребителдерин (2022-жылга карата алардын саны 20га жеткен), Ми-171Ш жана Ми-35М тик учактарын, «Бук-М2Э» зениттик-ракеталык комплекстерин, БТР-80 жана БТР-82А бронетранспортёрлорун алган.
Мындан тышкары, 2015-жылы Москва аймактык бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү программасынын алкагында Астанага С-300ПС үлгүсүндөгү беш зениттик-ракеталык системаны акысыз өткөрүп берген.
Өзбекстан болсо 2017–2019-жылдары мамлекеттик экспорттук насыянын негизинде 12 даана Ми-35М тик учагын алып, болжол менен 30 даана МиГ-29 истребителин жаңырткан. Ошондой эле тараптар Су-30СМ учактарын, «Сопка-2» радиолокациялык комплексин жана «Печора-2М» зениттик-ракеталык комплекси үчүн жабдууларды жеткирүү маселесин талкуулашкан.
Казакстан Өзбекстандан айырмаланып, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү болуп саналат. Бул эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташууга жамааттык коргонуу пландоосунун элементтерин кошот. Ал эми Өзбекстан менен эки өлкөнүн аба күчтөрүн жана абадан коргонуу аскерлерин биргелешип колдонуу боюнча өзүнчө келишим күчүндө.



