Коом

Балдар арасында көк жөтөл күч алды. Дарыгерлер эмделүүгө чакырат

Көк жөтөл оорусуна көбүнчө эмделбеген балдар чалдыгып жатат. Бул тууралуу Бишкектин саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында, көк жөтөл илдети былтыркыдан бери күч алууда. 2023-жылы бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миң 708ге жеткен.

«Эмделбеген балдар ооруп жатат. Кыргызстанда көк жөтөлгө каршы 2-2,5-5 айда жана 5 жашында эмделет. Бирок акыркы жылдары көп ата-энелер мындан баш тартууда», — дейт дарыгер.

Бурул Асыкбекованын айтымында, оорунун кеңери жайылышынан улам 2 айга чыга элек наристелер дагы жуктуруп жатышат.

«2 айга чейинки балдар дагы ооруп жатат. Азыр илдетти азайтуу чараларын көрүү зарыл. Өзү мурда 4 жашка чейинки балдар ооруса, азыр андан чоңдор, улуу кишилер дагы жапа чегип жатат», — дейт ал.

Бурул Асыкбекова көк жөтөлдү жеңген баланы эмдөөнүн зарылчылдыгы жоктугун белгилейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button