Коом

Августтан тарта Ош жана Манаска учак билеттери кымбаттайт. Себеби

Кыргызстанда 1-августтан баштап Ош менен Манаска учак билеттери кымбаттайт.

Asman Airlines авиакомпаниясы күйүүчү майдын баасы 32 пайызга жогорулаганына байланыштуу билет бааларын көтөрүүдө.

Бир тарапка билеттердин жаңы баасы:

Бишкек — Ош — Бишкек: 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин;

Бишкек — Манас — Бишкек: 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин.

Мурда билеттер 3 600 сомдон 5 500 сомго чейин болчу. Билеттин акыркы баасы аны кайсы күнү сатып алганыңызга, учактагы орундардын толуктугуна жана тандаган тарифке жараша өзгөрөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button