Коом

Кытай инвесторлору Жыргалаң шаарчасын курууга кызыгууда

Кытайда ири мейманканаларды курган инвесторлор «Ала-Тоо Резорт» курортуна кызыгууда. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ишканасынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов менен биргеликте, курорт курула турган аймакты жеринен барып көрүштү.

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган Борбор Азияда ири курортко барчу жолдор салынып, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатат. Инвесторлор алдыда боло турган Жыргалаң шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерин алуу үчүн аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиркени маалым болду.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабы июль айында өткөн. Анда курула турган обьектилердин жер тилкелерин 14 лот менен жергиликтүү инвесторлор уткан.

Эми аукциондун экинчи этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго коюлат.

«Ала-Тоо Резорт» ишканасынан белгилешкендей, 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер жана VIP-котедждер, этно шаарча, ресторан, кафелер жана башка коммерциялык обьектилер курула турган жер тилкелерин аукциондон чет элдик жаран ута турган болсо, анда 49 жылга ижарага берилет.

Ал эми жергиликтүү инвесторлор утса, жеке менчикке өтөт. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компаниянын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана тармагынын ишкерлери, мамлекеттик сатып алууларга катышууну каалаган тараптар, юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button