Коом

Бишкекте 22-августта бир катар көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярданууга байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Ага ылайык, саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

Аалы Токомбаев проспекти — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;

Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин;

Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;

Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектинен Ахунбаев көчөсүнө чейин

Тектеш кабарлар

Back to top button