Коом

Кырчында эл көп болгондуктан милициянын автобустары ишке тартылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын капчыгайында келгендердин саны көп болгондуктан, жарандарды ташуу үчүн милициянын кошумча автобустары тартылды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, автобустар оюндардын аянтчасына келген элдин агымы көбөйүп, транспортко болгон жүк күчөгөндүгүнө байланыштуу жарандарды ташууну уюштуруу үчүн колдонулууда.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери жана аскер кызматкерлери маданий жана спорттук иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну улантууда.

ИИМ жарандарды ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button