Коом

Бишкекте 18 жаштан жогорку жарандар үчүн акысыз IT-мектеп ачылат

Кыргызча котормосуБишкекте 18 жаштан жогорку жарандар IT кесиптерин акысыз өздөштүрө ала турган «Школа 21» инновациялык IT-мектеби ачылууда. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, долбоор президенттик IT-мектептин базасында Россиянын «Сбербанк» тарабынан иштелип чыккан «Школа 21» билим берүү платформасынын франшизасынын негизинде ишке ашырылат.

«Окуу толугу менен акысыз болот, бардык чыгымдарды мамлекет өзүнө алат. Бул жерде ар бир адам жашына жана жынысына карабастан, кесибин өзгөртүп, эмгек рыногунда талап кылынган кесипке ээ боло алат», — деди министр.

Анын белгилешинче, окуу программасында 19дан ашык багыт каралган. Бир жыл ичинде болжол менен 200 жаран билим ала алат. Катышуучулар үчүн жатаканада 40ка жакын орун да каралган.

Мектептин өзгөчөлүгү — салттуу окутуу системасынын жоктугу. Катышуучулар билим берүү программасына ылайык, тапшырмаларды өз алдынча аткаруу аркылуу билим алышат.

Кендирбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө IT тармагындагы адистер экономиканын бардык тармактарында талап кылынууда.

«Биздин милдет — Кыргызстандын жарандарын мыкты эл аралык тажрыйбаларга тартуу жана IT тармагындагы талап кылынган билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу», — деди министр.

Тектеш кабарлар

Back to top button