Коом
Кыргызстандын жети шаарын өнүктүрүү үчүн 1 млрд 155 млн сом бөлүнгөн

Өткөн жылы Кыргызстандагы жети шаарды өнүктүрүү боюнча тиешелүү программанын алкагында 1 млрд 155 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Каржы министринин орун басары — Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.
Анын айтымында, каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
-Токмок шаарына — 164 млн сом;
-Талас шаарына — 200 млн сом;
-Кербен шаарына — 450 млн сом;
-Балыкчы шаарына — 32,1 млн сом;
-Таш-Көмүр шаарына — 190 млн сом;
-Токтогул шаарына — 19,4 млн сом;
-Манас шаарына — 100 млн сом.



