Коом
Ошто «Бир күн унаасыз — жумушка велосипед менен» челленджинин жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош шаарында «Бир күн унаасыз — жумушка велосипед менен» челленджинин жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чараны шаардык мэрия эки ай бою өткөргөн.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, катышуучулар күн сайын жумушка велосипед менен барып, сапарларын видеого тартып турушкан. Акциянын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу жана шаар тургундарынын ден соолугун чыңдоо.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 7-октябрда өттү. Аларга заманбап велосипеддер тапшырылды.
1-орун — Диана Умаралиева;
2-орун — Замирбек Эрнусбек уулу;
3-орун — Алмаз Маликов.



