Маданият

“Кутман кеч Бишкек!” Бишкекте Шакиранын концерти өттү

18-октябрь кечинде “Бишкек Арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти өттү.

Шоу-программа ырчынын дүйнөлүк Las Mujeres Ya No Lloran World Tour гастролунун алкагында уюштурулуп, болжол менен бир жарым саатка созулду.

Билеттер толугу менен алдын ала сатылып бүтүп, арена күйөрмандарга толду.
Аталган концертке 33 өлкөдөн, анын ичинде Казакстан, Россия, Өзбекстан, АКШ, Франция, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден коноктор келишти.

Концерт учурунда Шакира:
«Рахмат, Бишкек! Спасибо, thank you guys! I love you!» — деп Шакира күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button