Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленди

Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты.
Облус башчысы Тилек Текебаев райондун элин маараке менен куттуктап, анын тарыхый мурасына, эмгекчил калкына жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ордуна токтолду.
Ал Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу, Жалал-Абад – Балыкчы альтернативдүү автожолу жана Казарман ГЭСтер каскады сыяктуу ири долбоорлор аймактын транспорттук жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Мааракеге карата жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Анын алкагында маданий жана спорттук мелдештер, акындардын айтышы, сынактар өткөрүлүп, ички жолдор курулуп, социалдык объектилер пайдаланууга берилди.
Белгилей кетсек, учурда Тогуз-Торо районунда 27 миң 600гө жакын адам жашайт.



