Окуялар

Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя кечээ, 27-октябрда саат 20:40тар чамасында болгон.

Анда №195 автобус Абдрахманов көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен оңго бурулуп жаткан Weltmeister үлгүсүндөгү унааны артынан сүзгөн.

Кагылышуудан кийин автобустун айдоочусу унааны токтото албай, жол жээгинде орнотулган камераны, жол белгисин жана бордюрду сүзүп, тротуарга чыгып токтогон.

Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталып жатканы айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button