Коом

Ак илбирсти коргоо: Ошто илимий семинар өттү

Оштогу Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде ак илбирсти жана тоо экосистемасын сактоого арналган илимий-практикалык семинар өттү.

Иш-чараны NABU Кыргызстан уюму менен окуу жайдын факультети биргеликте уюштурду.

NABU Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, семинардын алкагында фототузактарга түшкөн илбирстердин сүрөттөрү көрсөтүлүп, жаратылышты изилдөөдө колдонулган дрон, тепловизор жана GPS-аппараттар тааныштырылды.

Ошондой эле адистер илбирстердин жашоо образы, азыктануусу, таралуу аймактары жана санынын азайышына таасир эткен факторлор тууралуу маалымат беришти.

Иш-чара студенттердин экологиялык билимин жогорулатууга жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого багытталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button