Коом
Ала-Арча жаратылыш паркында дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө курулат

Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрө курулат. Президенттин иш башкармалыгы курулуш иштери ноябрда башталып, 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн билдирди.
Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилиши мүмкүн. Аны президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев европалык компаниянын өкүлдөрү менен талкуулады. Алар курулуш жүрө турган аймакты жеринде карап чыгышты.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында Тепши платосунан Теке-Тоого жана шаркыратмага чейин созулган экологиялык жөө жүрүү жолун уюштуруу каралган.



