Ош айыл чарба техникумунун мурдагы директору Сейитбек Аматов дүйнөдөн кайтты

Маалыматка ылайык, Сейитбек Аматов 2026-жылдын 30-октябрында көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-октябрда Кара-Суу районунун Киров айылында өтөт.
Сейитбек Юсупович Аматов 1955-жылы 2-ноябрда Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылында төрөлгөн.
Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн билим берүү жана айыл чарба тармагына арнаган. 1991-жылдан 2026-жылга чейин Ош айыл чарба техникумун жетектеп келген.
Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент болгон. Кыргыз Республикасынын ардак грамоталары жана айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери наамы менен сыйланган.
Ошондой эле Ош шаарындагы «Алай» футболдук клубунда жетекчилик кызматтарды аркалап, коомдук иштерге да активдүү катышкан.
Сейитбек Аматовдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.



