Саясат

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган Анкарада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы жылуу кабыл алуу жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди, ошондой эле түрк элин Республика күнү менен куттуктады.

Жапаров Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин айтты.

Тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун өзгөчө маанисин жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Соңунда Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого кызмат кыларын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button