Спорт
Дүйнө чемпионаты: Балбан Эрназар Акматалиев алтын медаль үчүн күрөшөт
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Ал эркин күрөш боюнча турнирде 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда.
Акматалиев мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда Канаданын өкүлүн ишенимдүү жеңип, ал эми чейрек финалда түркиялык спортчуну утту.
Жарым финалдык беттеште кыргызстандык балбан АКШдан келген 2023-жылкы дүйнө чемпиону Зейн Резерфордго каршы күрөштү. Акматалиев 3:2 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу орусиялык Ибрагим Ибрагимовго каршы күрөшөт. Бул беттеш 31-октябрда өтөт.



