Дүйнө чемпионун жыккан Малик Шаваев коло байге үчүн беттешке чыгат

Кыргызстандык спортчу Малик Шаваев Астанада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн жубатуучу беттешке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Ал 86 кг чейинки салмакта 1/32 финалдык баскычтан баштады.
Шаваев алгач Пуэрто-Рикодон келген спортчуну жеңсе, андан кийин швейцариялык балбанды утту.
1/8 финалда кыргызстандык балбан эки жолку дүйнө чемпиону (2021, 2022) жана үч жолку Азия чемпиону (2019, 2021, 2026), ирандык Камран Гасемпурду биринчи раундда туше ыкмасы менен жеңди.
Чейрек финалда Шаваев АКШдан келген Кайл Дэйкке — 4 жолку дүйнө чемпионуна (2018, 2019, 2021, 2022) жана Токио-2020 жана Париж-2024 Олимп оюндарынын коло байге ээсине жеңилди.
Дейк жыйынтыгында финалга чыгып, Шаваев коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алды.



