Саясат

Кыргызстан жана Өзбекстан: Пенсия жана социалдык камсыздандыруу боюнча жаңы макулдашуу түзүлдү

Министрлер кабинети Өзбекстан менен Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жөнүндө макулдашуунун корутундусун жактырды.


​ Минкаб аны 2025-жылдын 16-октябрындагы № 895-т тескемеси менен жактырган. Макулдашууга 2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган. Аны ишке ашырууга Социалдык фонд жооптуу болуп дайындалып, тиешелүү корутунду Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Бул тууралуу 22-октябрдагы № 805-т тескемеде жазылган.


​Макулдашуунун башкы максаты — ар бир мамлекет өз мыйзамдарына ылайык топтолгон камсыздандыруу стажы боюнча пенсияга болгон укукту аныктап, өз эрежелерине ылайык пенсия дайындоо. Эгерде жарандын бир өлкөдөгү камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, ал эки өлкөдөгү стаждарды бириктирип эсептөө аркылуу аныкталат.


​Пенсиялар алуучулардын жашаган жерине карабастан жана жеткирүү чыгымдары кармалбастан түз төлөнөт. Макулдашуу төмөнкүлөрдү камтыйт:


Кыргызстанда: жаш курагы, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча камсыздандыруу пенсияларын, ошондой эле Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун пенсиялык топтоолорунан төлөнүүчү төлөмдөрдү;


​ Өзбекстанда: жаш курагы, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча мамлекеттик пенсияларды, ошондой эле топтолмо пенсиялык каражаттардын төлөмдөрүн.


​Кызматкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн эки жолу төлөбөшү үчүн макулдашууда кызматтык иш сапарга жиберүү жана анын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө беренелер каралган. Туруктуу жашаган жеринин негизинде республикалык бюджеттен төлөнүүчү кепилдиктер макулдашуудан чыгарылган.


​Белгилей кетсек, бул документ Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин (2025-жылдын 16-сентябрындагы № 6-7684/25 чечими) жана Социалдык саясат боюнча комитетинин (2025-жылдын 16-сентябрындагы № 6-7698/25 чечими) тарабынан макулдашылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button