Алмазбек Молдобаевдин Конституциялык соттун судьялыгына талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Алмазбек Молдобаевди Конституциялык соттун судьясы кызмат ордуна шайлоо үчүн парламенттин кароосуна сунуштады.
Талапкерликти Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Жыйында талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков берди.
Депутаттар талапкерге суроо бербестен, корутундунун долбоорун бир добуштан колдошту.
Алмазбек Молдобаев 1973-жылы 9-февралда Фрунзе шаарында туулган. 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин, 1999-жылы Россиянын Коргоо министрлигинин Аскердик дипломатиялык академиясын, 2002-жылы аталган министрликтин Аскердик университетинин адъюнктурасын аяктаган.
Эмгек жолу:
— 1996-жылы Аскер сотунун төрагасынын жардамчысы;
— 2002–2004-жылдары президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти;
— 2004–2006-жылдары президенттин администрациясынын Жогорку Кеңештеги байланыштар боюнча тобунун эксперти;
— 2006–2015-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;
— 2016–2019-жылдары Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти, сектор башчысы;
— 2019–2023-жылдары Жогорку Кеңештин Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы;
— 2023-жылдын январынан тартып президенттин жана министрлер кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү.



