Коом

ЖКнын комитети баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин жогорулатууну III окуудa колдоду

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети 17-ноябрда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге пенсияга ай сайынкы кошумча төлөмдү 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окуудa колдоду.

Мыйзам долбоорун депутат Камила Талиева тааныштырды.

Анын айтымында, 1 миң сом өлчөмүндөгү кошумча төлөм 2011-жылдан бери колдонулуп келет жана ошондон бери кайра каралган эмес.

«Азыркы экономикалык абалды, азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге баанын өсүшүн эске алганда, 1 миң сом өлчөмүндөгү кошумча төлөм иш жүзүндө өзүнүн чыныгы маанисин жоготту», — деди депутат.

Такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган 30 миң 609 эне бар.

Мыйзам долбоору алардын пенсиясына ай сайынкы кошумча акыны 5 миң сомго чейин көбөйтүүнү караштырат.

Талиева ошондой эле 21-октябрда президент «Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларынын социалдык корголуу деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» №353 жарлыкка кол койгонун эскертти. Жарлыкка ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге пенсияга ай сайын 5 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет. Бул чараны ишке ашыруу үчүн 2027-жылга республикалык бюджетте кошумча 1 млрд 484 млн 658 миң 936 сом караштырылган.

Депутат ошондой эле жогорулатууну аскер пенсионерлеринен болгон эне-баатырларга да жайылтууну сунуштады. Анын айтымында, бул категорияда 1 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм алган 1-2 аял бар.

Мыйзам долбоору мурда профилдик комитеттерде каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button