Саясат
Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетовду кызматтан бошотуу сунушталды

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетовду ээлеген кызматынан бошотуу сунушун колдоду.
Президент Садыр Жапаровдун сунуштамасын жыйында Нурлан Бообеков тааныштырды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 5-ноябрында Кеңешбек Токтомамбетов курагынын чегине жеткен. Буга байланыштуу Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде анын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу сунушталган.
Комитет аны Жогорку соттун судьясы кызматынан бошотуу тууралуу корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.



